Каватина (итал. cavatina - алуу) - лирикалык баяндама түрүндөгү чакан ария; обону жөнөкөй, ыргактуу, кыялкеч маанайда ырдалат.

Мис., Римский-Корсаковдун «Аяз кызындагы» Берендейдин Каватинасы. Ал эми Глинканын «Руелан менен-Людмила» операсындагы. Людмиланын Каватинасы формасы жагынан татаалыраак, Кээде обондуу аспаптык чакан пьеса да Каватина деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.