Кавернометр - кабелге байланып скважинанын ичине түшүрүү менен ошол бургуланган скважинанын диаметрин аныктоочу прибор.

Кавернометрдин механикалык жана ультраүн негизинде иштей туган түрлөрү бар. Өлчөөчү түзүлүшү бар механикалык Кавернометр көп пайдаланылат.

Скважинанын диаметри езгөргөнде ага пропорциялаш реостаттын каршылыгы да өзгөрөт. Бул каршылык скважинанын башталышында өлчөнөт да, анын түбүнө чейинки бийиктиги боюнча диаметринин өзгөрүштүн көрсөтүүчү ийри сызык алынат. Скважина приборунун карама-каршы жагына жайгаштырылган белгилүү багыт боюнча иштөөчү эки электр акустикалык өзгөрткүчтүү гидролокациялык түзүлүш ультраүн Кавернометри деп аталат. Өзгөрткүчтүн ар бири алмак- салмак иштеп, ультраүн термелүүлөрүн чыгарып жана кабыл алат. Жер бетинде ультраүн толкундары чыгарылган убакыттан тартып алардын скважинанын капталына урунуп кайра келгендеги убакыты Кавернометр менен өлчөнөт.

Мына ушул процесстин негизинде скважинанын диаметрин мүнөздөөчү ийри сызык алынат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.