Кавказ минералдуу суулары

Кавказ минералдуу суулары – Ставрополь крайындагы белгилүү бальнеологиялык, климаттык курорттордун тобу (Ессентуки, Железноводск, Кисловодск, Пятигорск). Ставрополь дөңсөөсү менен Чоң Кавказдын түндүк капталынын аралыгында. Мында минералдуу суунун 130дан ашык булагы, илээшкек баткактын (Тамбукан көлү) ири запасы бар. 1992-ж. Кавказ минералдуу сууларына Россиянын өзгөчө коргоого алынган экологиялык-курорттуу аймагы деген статус берилген. Бардык курорттору бири-бири менен автомобиль жанатемир жолменен байланышат; Минеральные Воды шаарында аэропорт бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү