Кадастр – (француз тилинде cadastre системалаштыруу) – тийиштүү объектилер жана кубулуштар боюнча мезгил-мезгили менен же болбосо үзгүлтүксүз байкоонун негизинде ырааттуу чогултулган маалымат жыйнагы. Табият-ресурстук блокко тийиштүү Кадастрларда объектинин орду, физикалык-географиялык мүнөздөмөсү, классификациясы, изилдөө деңгээли, байкоонун узактыгы, динамикасы ж. б. боюнча маалыматтар камтылат. Мындай Кадастрдын негизги элементи катары карталар пайдаланылат. Бүгүнкү күндө Кадастрлардын көбүнүн маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Табиятресурстук бөлүккө суу, климат, ландшафт, токой, геология, медициналык география, минералдык ресурстар, өзгөчө коргоого алынган аймактар, рекреация, топурак, зыяндуу таштандыларды бөлүп чыгарган жерде жайгашкан булактар ж. б. Кадастрлар кирет.

Кадастр

Колдонулган адабияттар түзөтүү