Кадимки ит мурун (Barbus capito conocephalus), (Kessler):

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны түзөтүү

Узундугу 0,7 м жана салмагы 16 кг чейин жеткен чоң балык. Денесинин түсү алтындай сары, аркасынын каралжын түсү алды жагынын ак түсүнө кескин өтөт. Кабырчыктары Арал теңге балыгыныкынан чоңураак.

Жалпы жа на өлкөдө та ра лышы түзөтүү

Чүй дарыясынын Казакстан менен чектешкен жерлеринде кездешет. Накта дарыя балыгы. Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстан, Түркмөнстандын сууларында кездешет жана ушул өлкөлөрдүн Кызыл китебине киргизилген.

Жашаган аймактары түзөтүү

Чүй жана Нарын дарыяларынын түз аккан жерлерин мекендейт.

Саны түзөтүү

Кыргызстандын чегинде кадимки ит мурун аз санда, бирок теңге балыкка караганда бир далай көбүрөөк кездешет. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Урук таштоо мезгилинде дарыя боюнча 1000 км га чейин өрдөйт. Урук таштоосу апрелң-май айларында түбү кум-таштуу суунун ташкындаган жерлерине 2000 даанага чейин урук чачат . Көбөйүүсү бир жылдан, же эки жылдан кийин жүрүшү мүмкүн, суунун түбүндөгү омурткасыз жандыктар жана балыктардын жаш өспүрүмдөрү менен тамактанат .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Дарыялардын плотиналардын курулушу менен Кыргызстандын аймагына болгон миграциялык жолдордун бекиши.

Асыроо түзөтүү

Асыралган эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Азыркы убакта коргоо жүргүзүлбөйт.==Коргоо үчүн зарыл аракеттер== Балык уулоону сүйүүчүлөргө тыюу салуу, өрдөөчу жана эт алуучу жерлерди. семирүүчү жерлерди коргоо. Түрчөнүн статусун жана санын тактоо максатка ылайык.

Статусу түзөтүү

2 [ V U : D ] . Кыргызстанда жоголуп бара жаткан түрчө. Республикада Barbus түркүмүнүн өкүлдөрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү