Кадимки тaртар тоок
Кадимки тaртар тоок (Crex crex), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүЕвразияда Пиринейден чыгышты көздөй Вилюйдүн жогорку жана орто бөлүгүндө жана түштүк-чыгыш Байкалдын Ангаранын жогорку агымынын бассейнинде Чонанын өрөөнүнө чейин. Түндүктөн Норвегиянын, Швециянын жана Финляндиянын түштүк бөлүгүнө чейин, Карелияда 62-параллелге, Онега жана Түндүк Двинага, Печоранын өрөөнүндө 63- параллелге, Урал тоо кыркаларында 61-параллелге, Батыш Сибирде жана Енисей өрөөнүндө 62- параллелге, Төмөнкү Тунгусканын бассейнинде 62-параллелге, Чона өрөөнүндө 63-параллелге чейин. Түштүктөн Жер Ортолук деңиздин түндүк жээгине, түндүк Италияга, түндүк Грецияга, Кичи Азияга, түндүк-батыш Иранга, Хорасанга чейин. Каспий деңизинен чыгышты карай түштүктөн Волганын чатына, Уралдын чатына, Мугоджар, чыгыштан 50-параллелге чейин. Иртышты бойлой ареалдын түштүк чек арасы Зайсанга чейин түшөт да, андан Жетисуунун түштүк-батышына чейин, Гиссар тоо кыркаларына чейин созулат. Ареалдын чыгыштагы түштүк чек арасы Чыгыш Тянңшанң, Түштүк Алтай, Ангаранын жогорку агымынын өрөөнү боюнча өтөт. Британ, Оркней, Гебрид аралдары . Кыргыз Республикасында уялоодо жана учуп өтүүдө Чүй өрөөнүндө, Ысыккөл ойдуңунда, Суусамырда, Нарын жана Атбашы дарыяларынын жайылмасында кездешет .
Жашаган аймактары
түзөтүүЖапыз жана орто тоолордун селитебдүү эмес антропогендүү жана шалбаалуу өзөндөрдү артыксынтат.
Саны
түзөтүүЫсыккөлдүн жээгинде (1 км2 де 2 канаттуу), талааларда (1 км2 де 3 канаттуу), токой- шалбаа-талаа тилкесиндеги шалбааларда адатта кездешүүчү түр . Учуп өтүү учурунда кадимки тартартооктун саны көбөйөт. Май айында ондогон кадимки тартартооктор Чүй өрөөнүнүн саздарында азыктанышат . Тянңшандын карагай токойлорунда бул түрдүн саны аз, кээбир гана жерлерде адатта кездешет.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)
түзөтүүУялоочу жана учуп өтүүчү түр. Кадимки таратартоок майдын башында учуп келет да, 15-20 күндөн кийин, көпчүлүк учурда түнкүсүн үйүгүшүүсүн баштайт. Чөптүн арасында чуркап жүрүүнү артыксынтат, кээде учат. Жайдын аягына чейин жүрүшөт. Негизинен курт-кумурскалар менен азыктанышат, бирок айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары менен да азыктанат. Адатта 8-10 жумуртка тууйт. Жөжөлөрү июндун экинчи жарымында чыгышат. Кадимки тартартооктор сентябрдын башында учуп кетишет.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүТартартоок жана анын балапандары кулаалыга жана башка жырткыч канаттууларга жем болушат. Үй жаныбарлары кадимки тартартооктун талаадагы жана шалбаадагы жумурткалары үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн.
Көбөйтүү (колдо багуу)
түзөтүүКыргыз Республикасында колдо багылбайт.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүүРеспубликада атайын коргоо чаралары жок. Түр IUCNдин Кызыл китебинин VI категориясына Near Threatened киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүУялоого жарактуу жерлерди коргоо керек.
Статусу
түзөтүүVI категория. Near Threatened, NT. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун жалгыз өкүлү. Монотиптүү түр.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2