Кадоо, тоо – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Карүңкүр жана Кара-булак, Актерек сууларынын (Көгарттын оң куймалары) аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 1900–2000 м, эң бийик жери 2173 м. Кыры тайпак, капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор, капчыгайлар да кездешет.

Негизинен бор мезгилинин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, гравелит, алевролит, чопо жана акиташ тектеринен турат. Ландшафты негизинен кургакчыл келип, мисте бадалдуу кургак талаа жана талаа алкактары басымдуу. Кайрак эгин айдоодо, чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү