Казан казаттары (1545-52) – Казан хандыгына каршы орус аскерлеринин согуштук аракеттери. Казан хандыгы (1438-1552) Россиянын Волга аркылуу өтүүчү соода жолун жаап, анын аймагына дайым чабуул коюп турган. 16-кылымдын орто ченинде Казандагы орус туткундарынын саны 100 миңге жеткен. Казанды Россияга бириктирүү үчүн болгон күрөш 15-кылымдын аягында башталып, 16-кылымдын 40-жылдарында өзгөчө күчөгөн. Татар феодалдарынын бир бөлүгү («Москва партиясы») бул күрөштү жактаган. 1545жылдагы жортуул согуштук демонстрациялык мүнөздө болгон. Натыйжада «Москва партиясынын» позициясы күчөп, 1545-жылдын аягында хан Сафа-Гирей Казандан куулган. 1546-ж. тактыга Шах-Али отурган. Бирок крымдыктардын колдоосу менен Сафа-Гирей Казанга кайра келген. Орустардын 1547-48жана 1549-50-жылдардагы жортуулдары ийгиликсиз аяктаган. Иван IVнүн өкмөтү жаңы жортуулга камынган. Буга Ногой ордосу көмөктөшкөн. 1551-ж. Шах-Али кайрадан тактыга отуруп, бирок ал башкара албагандыктан, 1552-ж. Казандан кетип, ордуна астрахандык ханзада Ядигар келген. 1552-ж. 16июнда Иван IV баштаган орус аскерлери Москвадан чыгып, Тулада Крым ханы Давлет-Гирейдин аскерлерин талкалаган. 2-октябрда Казан багындырылган. Казан казаттарынын натыйжасында Казан хандыгы жоюлуп, Орто Волга бою Россияга кошулуп, Кавказ жана Чыгыш өлкөлөрү менен соода байланыш кеңейген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү