Казан турбина блогу - буу казанынан, турбинадан жана жардамчы түзүлүштөрдөн турган буу установкасы.

Казандан алынган буу турбинадан жогорку басымдуу цилиндрге келип, андан өтүп, кайра казандын ортолук буу ысыткычына түшөт. Бул экинчи жолу ысытылган буу турбинанын орточо басымдуу цилиндрине, андан кийин төмөнкү басымдуу цилиндрге өтөт да, акырында конденсаторго келип сууга айланат. Суу андан насос менен жогорку жана төмөнкү басымдуу жылыткыч аркылуу казанга сордурулуп киргизилет.

Казан турбина блогу бир же эки казандуу болушу мүмкүн. Жалгыз казандуусу пайдаланууга оңой жана үнөмдүү. Эки казандуунун артыкчылыгы - бир казан иштен чыкса, блоктун экинчи казаны жарым кубаттуулук менен иштей беришинде.

Казан турбина блогунун бир канча технологиялык процесстери блоксуз электр станцияларынын технологиялык процесстеринен кескин айырмаланат. Мисалы, Казан турбина блогунун казаны жана турбинасы бир убакта ишке киргизилет. Бул болсо турбинанын, буу жүргүчтүн ж. б. ысыш шартын жакшыртат да, алардын пайдалануудагы үнөмдүүлүгүн жогорулатат. Электр станциясынын казаны, турбинасы жана бардык жардамчы жабдуулары бир убакта ремонттолот. Жылуулук энергетикасынын кубаттуулугун жогорулатуу негизинен конденсациялык турбиналуу ири блокторду куруу жолу менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.