Казем-бек Александр Касимович

Казем-бек Александр Касимович, Мирза Мухаммед Али (динин өзгөрткөндөн кийинки аты – жөнү Александр Касимович Ксазем-бек, 1802-1870), орустун атактуу чыгыштаануучу, Санкт-Петербург университетинин Чыгыштилдери факультетинин биринчи деканы болгон. Бул уникалдуу, ары карама-каршылыктуу окумуштуу-инсанды илим чөйрөсү орус чыгыштаануу илиминин алгачкы пайдубалын түптөгөн деген пикирди айтып жүрүшөт. Казем-бек 1802-ж. Решт (Персия) шаарында белгилүү исламтаануучу, такыба, таанымал кудайтаануучу адамдын үй бүлөсүндө туулган. Белгилүү ирантаануучу В.В.Григорьев Казем-бекти чыгыштаануу илимин Россияда европалык академиялык денгээлге, жаңы сапаттык мазмунга алып чыккан деп айткан. Академик-түрколог А.Н.Кононов аны чыгыш жана батыштын илимин бириктирген улуу инсан деп жазган. Тагдыры татаал Казем-бек фарси, азербайжан, орус, татар, түрк, араб, англис, француз тилдерин өтө мыкты билген, өз учурунун өтө билимдүү адамды болгон. Мындан сырткары, эски иврит, эски немис тилдерин да кызыгып окугандыгы илимге белгилүү. Татыктуу алган билим, жаратылыштан берилген талантуулук, кенен кругозору окумуштууга эски тарыхый кол жазмалар, булактар менен өтө ийгиликүү иштөөгө шарт түзгөн. Ал бир эле учурда котормо, изилдөөчүлүк, мусулман кол жазмалары жана укук маселелерине багышталган кол жазмаларды окуп чыккан жана аларга комментарийлерди бергенге да үлгүргөн. Анын түркология, Ирандын тарыхы жана диндери боюнча калтырган эмгектери илимде бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек.

Дербент шаарына которулган шейх-уль-исламдын уулу Казем-бек фарси, азербайжан тилдери боюнча татыктуу, терең билим алат. Бир эле учурда араб, орус, түрк тилдерин да терең өздөштүрөт. 1811-ж. Дербентке биротоло көчүп келишет. Баласынын акылдуулугун, билимге умтулгандыгын эске алган атасы ага Аравиядан, Персиядан билим алып берүүгө аракет жасайт. Бирок, чагымдын айынан атасы Дербенттен Астрахань аймагына сүргүнгө айдалган эле. 17 жашка жаңы толгон Казем-бек «Араб тилинин негиздери» деген китепти жазып, басмадан чыгарган болучу. Балалык чагында эле Казем-бек атасынын жакын тааныштары болгон шотландиялык диний миссионерлер менен байланышта болгон. Атасы менен диний багытта сүйлөшкөн миссионерлер менен жакындан таанышып, диндин негиздери, жалпылыктары, айрымачылыгы, философиялык негиздери ж.б. проблемалар тууралу дискуссияларды уккан, аларга кулагы каныккан. Исламдын негиздерин билген мыкты билимдүү теологдор менен христиан миссионерлеринин кайым айтыштары болочок окумуштуунун ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүп берген. Кийинчерээк окумуштуу өзү белгилегендей миссионерлерди чыныгы дин исламга чакыруу үчүн христиан динин таанып-окуп, аларды терең окуп-үйрөнүү үчүн атайын эски еврей (иврит), англис тилдерин үйрөнгөн эле. 1821-ж. Казем-бек Астраханда сүргүндө жүргөн атасына жолукмакчы болуп келип, шотланд миссионерлери менен кайрадан кездешип калат. Бир топ убакыт өзү менен болгон ички күрөшүүдөн өн соң, 1823-ж. маша (анын пресветриан бутагы) динин кабыл алган. Тагдыр чечкен бул кадамы үчүн ата-энеси, туугандарынан биротоло айрылган. Алгач, миссионерлерге диний китептерди (христиан диний китептери) чыгыш тилдерине которуп жүрүп жан багат. Арийне, Мирза Александар Казем-бек деген атты кабыл алган окумуштуу университеттик диплому жок туруп Казань университетинде сабак бере баштаган. 26 жашка келгенде Лондондогу Королдук Азия коомуна чыныгы мүчө катары кабыл алынат. Эки жылдан кийин фарси тилинде араб филологиясы боюнча илимий эмгек жазып, магистр наамына ээ болот. Өмүрүнүн аягында окумуштуу Россия Императордук Илимдер Академиясынын мүчөсү кызматында иштеген. 1828-ж. Казань университетинде түрк-татар тилдери боюнча кафедраны негиздеген эле. 1835-ж. экстроординардык профессор кызматына дайындалат. 1845-ж. университеттин философия факультетинин биринчи бөлүмүнүн деканы кызматына дайындалган. 1946-ж. тартып араб-фарси кафедрасын кайрадан жетектеп калган. Ал крым татарлары, уйгурлар боюнча изилдөөлөрдү жарыялаган. 1841-ж.»Уйгурлар тууралуу изилдөөлөр», «Түрк-татар тилдеринин грамматикасы» аттуу алгачкы фундаменталдуу эмгектерди жарыкка чыгарган. Бул илимдеги эң алгачкы ирет жүзөгө ашырылган түрк тилдеринин салыштырма изилдөөсүнө арналган эмгек болуп саналат. 1846-ж. Казем-бек Санкт-Петербург университетине чакырылат. Орус илиминин алдында аткарган кызматы үчүн Казем-бек Россия императорунун атайын Жарлыгы менен мамлекеттик-статтык чиновник кызматына көтөрүлгөн.

Негизги эмгектери түзөтүү

  • Ас-Саб' ус-Сеййар, или Семь планет: История крымских ханов,
  • сочиненная на турецком языке Сейид Ризою, с введением на русском языке. Казань, 1832
  • Грамматика турецко-татарского языка. Казань, 1839
  • Исследование об уйгурах. — Журнал Министерства Народного Просвещения. 1841, ч. XXXI
  • Мюхтесерул-вигкает, или сокращённый вигкает. Курс мусульманского законоведения. Казань, 1845
  • Объяснение русских слов, сходных со словами восточных языков. — Известия II отделения Императорской Академии Наук. 1852
  • Полный конкорданс Корана, или ключ ко всем словам и выражениям его текстов, для руководства к исследованию религиозных, юридических, исторических и литературных начал сей книги. СПб., 1859
  • Мюридизм и Шамиль. — Русское Слово. 1859, № 12
  • История ислама. Обозрение Востока в политическом отношении перед появлением Мухаммада. — Русское Слово. 1860, № 2, 5
  • Баб и бабиды. Религиозно-политические смуты в Персии. СПб., 1865
  • Observations sur un chapitre inconnu du Coran publie par M. Garcin du Tassy. — Journal Asiatique, December, 1843
  • Derbend-nameh or the History of Derbend (Санкт-Петербург, 1850);

Ал тууралуу эмгектер түзөтүү

  • Бартольд В. Материалы для истории факультета восточных языков. — Санкт-Петербург, 1909, том IV, стр. 30 — 149).
  • Гусейнов Г. Н. Из истории общественной и философской мысли в Азербайджане XIX века. — Баку, 1949
  • Рзаев А. К. Азербайджанские востоковеды. — Баку, 1986
  • Рзаев А. К. Мирза-Казем-Бек. — Баку, 1965
  • Рзаев А. К. Передовая политическая мысль России и Азербайджана XIX в. и их взаимосвязи. — Баку, 1967
  • Протоколы заседаний совета Петербургского университета. — Санкт-Петербург, 1872, № 4, стр. 100—130
  • Пылёв А. И. Вклад Мирзы Александра Казем-Бека в исследование и преподавание тюркских языков в России. Материалы международной научной конференции «Мирза Казем-Бек-200». 11-12 июня 2003 г.— Баку, 2003
  • Русской Архив, 1893, № 10 — 12; 1894, №  1 — 2.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015