Каз пияз (лат. Gagea) – лилия гүлдүүлөр тукумундагы уруу.

Gagea granatelli.

Бийиктиги 5- 20 (30) см болгон, пияз түптүү көп жылдык чөп. Гүл коргону сары, жашылыраак, кээде агыш, 6 жалбыракчадан турат. Евразиянын мелүүн зоналарында 100дөй түрү кездешет.

Азияда Каз пияздын 90дон ашык түрү бар, көбүнчө Кавказ жана Орто Азияда таралган. Кыргызстанда 20 түрү өсөт. Алардын ичинен жиптей, оюкчалуу, назик, Хомутов Каз пиязы кеңири таралган. Жайыттарда анын көп түрүн мал жейт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.