Кайкин, Василий Матвеевич

Кайкин, Василий Матвеевич – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Өмүр жолу түзөтүү

1910-жылы Ысык-Көл областынынТүп районундагы Түп айылында кедей-дыйкандын үй булөсүндө туулган.Улуту орус. МТСге тракторчу болуп иштеген.Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылган.Гвардиянын улуу сержанты.Пулеметтун расчетунун командири.

Эрдиги түзөтүү

Улуу Ата Мекендик согушкаСталинград, Борбордук жана 1- Белорус фронтторунда,Волга боюнда салгылашкан. Днепр жана Волга дарыяларынан салгылашып өткөн.Одерде баатырлыкты көрсөткөн.

Наамдары түзөтүү

Мекен анын каармандык эмгегин Кызыл Жылдыз жана 3-даражадагы Даңк ордендери менен белгилеген.1945-жылы В. М. Кайкинге теңдешсиз эмгеги үчүн өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган.Баатырдын ысымы түбөлүккө өчпөй калды. Түп айылында анын ысымын алып жүргөн көчө менен мектеп бар, эстелик бюсту тургузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Иманкулов.А, Алыкулов.Б, Турсунбеков.Ч “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт”- Фрунзе; 1986