Кайрат Жыргалбек уулу
Кайрат Жыргалбек уулу (13-июнь 1993, Бишкек, Кыргызстан ) — Кыргызстандык футболчу, "Дордой" клбундагы жарым коргоочу. Кыргызстан улуттук курмадагы оюнчу. Кыргызстандын мыкты футболчусу (2018).
Кайрат Жыргалбек уулу | ||
Жалпы маалымат | ||
Төрөлгөн датасы | 13 -июнь 1993 (31 жаш) Бишкек Кыргызстан | |
Жарандыгы | Кыргызстан | |
Бою | 178 см | |
Салмагы | 76 кг | |
Позициясы | Жарым коргоочу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Дордой | |
Номуру | 11 | |
Карьерасы | ||
Клубдук карьерасы* | ||
2018 | Абдыш-Ата | ? (12) |
2014—а.у. | Дордой | ? (25) |
Улуттук курамасы** | ||
2014—2018 | Кыргызстан (U-23) | 6 (0) |
2013—а.у. | Кыргызстан | 42 (2) |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 22-январь 2019-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 22-январь 2019-жылдагы | ||
Карьерасы
түзөтүүКлубдагы карьера
түзөтүү2012-2014-жылдары " Абдыш-Ата" командасында ойногон.
2014-жылы Бишкектин " Дордой " клубуна келген. Команданын курамы менен АФК Кубогуна катышкан. 2018-жылдын 23-январында Кайрат жалгыз голду Түркмөнстандын "Ахала " клубуна киргизген. Чемпион (2018) жана Кыргызстан чемпиондугунун көп жолку медалчысы, Кыргызстан Кубогунун ээси (2016, 2017, 2018). 2018-жылдын аягында ал өлкөдөгү мыкты футболчу деп табылган[1] .
Улуттук курмадагы карьерасы
түзөтүүКыргызстан U23 курама командасынын курамында 2014-жылы (3 оюн) жана 2018-жылы Азия оюндарына катышкан (23 жаштан жогору үч оюнчунун бири катары ойногон, 3 оюн).
Ал Кыргызстандын курама командасындасындагы дебютун 2013-жылдын 6-сентябрында Беларуссия менен болгон беттеште жасаган, тыныгуу учурунда Ильдар Амировду алмаштырган [2].Кайрат өзүнүн улуттук курмадагы биринчи голун сегизинчи оюнунда, 2014-жылы 5-сентябрда, Казакстандын дарбазасына киргизген[3].
2019-жылы Азия Кубогуна катышкан, улуттук курамдын 4 беттешинде тең ойногон.
Жетишкендиктери
түзөтүү- Кыргызстандын вице-чемпиону (3): 2014, 2015, 2016
- Кыргыз Кубогунун ээси (2): 2016, 2017
Эскертмелер
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- Профили Archived 2021-06-24 at the Wayback Machine "Дордой" клубунун расмий сайтында