Кайра жаратуу (орус. Воспроизведение) – мурда кабыл алынган жана бекемделген материалдын заманбап келтирүү жараяны.

Кайра жаратуу эрктүү жана эрксиз калыпта өтөт. Эрктүү кайра жаратуу субьект өзүнө өзү койгон же башка адамдар тараптан коюлган репродуктивдүү тапшырманын негизинде чакырылат. Таануу сыяктуу эле кайра жаратуу эске тутуунун же жаттоонун эффективдүүлүгү үчүн методикалык жолдомо катары колдонулат.

Кайра жаратуунун негизи канчалык жогору болсо, кетирилген каталар ошончолук аз болот. Эрксиз кайра жаратуу атайын тапшырма берилбеген кырдаалда байкалат, жана ал тигил же бул кырдаалды же обьектти кабылдоонун же учурда аткарылып жаткан ишмердүүлүктүн (китеп окуу, кино көрүү ж. б.) таасири алдында пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8