Кайрык же кайруу - күүнүн сюжеттик өнүгүшүндөгү улам кайталануучу туруктуу мотив. Кыргыз эл күүлөрүнүн бир түрү. Комузда, кыл кыякта, ооз комузда аткарылат. Алар курулушу жагынан ачык-айкын кайруулары чакан, профессионал музыкадагы аспаптык вариацияларга жакын келет. Күүнүн ички өнүгүшүнө негиз болуп кирүүчү бөлүмдүн улам кайталанып, чертилишине, аткаруу ыктарына, мазмунуна жараша «Кош кайрык», «Үч кайрык», «Тогуз кайрык», «Терс кайрык», «Эски кайрык», «Салтанаттуу кайрык» сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Кайрыктардын айрымдары нотага түшүрүлүп, аспаптар менен иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү