Кайчы мөңгүлөрүКакшаал кырка тоосунун түн. капталындагы Кайчы суусунун өрөөнүндө жайгашкан эки мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш К. м.).

Батыш Кайчы мөңгүсү өрөөндүн батыш (сол) капталынан орун алган. Уз. 2,7 км, аянты 3,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4828 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Этегинен 1,5 кмдей төмөн карай өрөөндүн таманы морена м-н шыкалган. Мөңгүдөн башталган суу Кайчыга сол тараптан куят. Чыгыш Кайчы мөңгүсү өрөөндүн оң капталында Кайчы ж-а Айрытөр суулары кошулган тушта жайгашкан. Уз. 1,7 км, аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 3760 м бийиктикте жатат. Төр тибиндеги мөңгү. Мөңгү Кайчы ж-а Жангарт сууларынын суу бөлгүчүндөгү чакан байыркы денудациялык бетти ээлеп, эки алапты бириктирген Жангарт ашуусун карай жылып түшөт. Этегинен төмөн карай 2 кмге чейин мореналар үйүлүп жатат. Мөңгүдөн башталган өзөн Кайчы суусуна (Акшыйрактын оң куймасы) оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2