Кайчы, сууЖет-Өгүз районундагы суу, Ак-Шыйрактын оң куймасы. Узундугу 34 км, алабынын аянты 288 км2. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түндүктү карай кууш капчыгай аркылуу агат. Сол тараптан негизги кура мы Айры-Төр куйгандан кийин өрөөнү жайылат. Нугунда босоголор көп. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700 м. Ири 10 куймасы, алабында жалпы аянты 46,9 км2 келген 58 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 1,1 м3/сек. Эң көбү августта, азы январда байкалат. Өрөөнү жайыт.

Кайчы суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 34 км
бассейндин аянты 288 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Жети-Өгүз району

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү