Кайын журт – жубайлардын төркүндөрү, элжурту бириники экинчисине Кайын журт болот. Экөө тең бири-биринин ата-энесин, жакын туугандарын атаганда кайната, кайнене, кайнага, кайнеже, кайын жезде, кайын сиңди (аялына карата), кайни ж. б. деп «кайын» деген сөздү кошот. Ал эми аялынын сиңдиси (күйөөсүнө карата) балдыз, анын жана кайнежесинин күйөөсү бажа деп аталат. Очор-бачар болгондон кийин аял барган жерин кайындарым дебей өз элим деп калат. Ошондон улам, эл ичинде «чыккан кыз чийден тышкары» деген сөз калса керек. Ал Кайын журт, төркүн-төс, жек-жаат деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү