Кайыпов Алибай
Кайыпов Алибай 1916-жылы 16-Ноябрда азыркы Сузак районуна караштуу Кызыл -Кыя айылында туулган.
- Сегиз жашынан он эки жашына чейин балдар үйүндө билим алып, 13 жашынан Красный Октябрь колхозунда таразакеч болуп иштей баштайт.
- 1935-жылы 23-майда Кызыл Армиянын катарына чакырылат.
- Армияда Казахстандын Кызыл-Ордо деген жеринде кызмат өтөйт.
- Армиядан кызматын өтөп келгенден кийин, колхоздо мал ферма болуп, 1941-жылга чейин эмгектенет.
- Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, кайрадан армияга чакырылып, Украинанын Харьков шаарында биринчи жолу урушка катышкан.
- 1945-жылдын баш ченинде, жаракат алат да, армиядан бошотулуп, мекенине кайтып келет.
- Келгенден кийин, жалган жалаа менен түрмөгө түшүп калып, бирок эки жылдан кийин, акталып чыгып, өзү иштеп кеткен, Красный Октябрь колхозунда жылкычы болуп, пенсияга чыкканга чейин иштеген.
- 1976-жылы эс алууга чыгып, 2000-жылы 84 жашында каза болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3