Кайырдин, кайрыдин (арабча гайру-д-дин; “гайр” — башка чоочун, жат же тангыч — “сыз” мүчөсү катары) — 1) исламга жат, башка дин. Мусулмандар бир гана динди туура, акыйкаттуу эсептегендиктен, мунун өзү “динсиз”, “кудайсыз” деп да түшүндүрүлөт. “Манаста” чылгый динсиз “Чынмачын” деп айтылат ("Манас", 1. М., 1984, 150-б.). Ал эми “Кашына келди калдайдын Кайрыдиндин баарысы” (Сагымбай Орозбаков, 3. 233) — деген саптарында К. каапыр маанисинде кытайларга карата колдонулган. 2) ыймансыз, адамкерчиликсиз, каапыр (киши). Фольклордо кыргыздар К. сөзүн диний мааниде эле эмес адебинен ксаган адам маанисинде да көп пайдаланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4