Кайың
Кайың (Bеtulaceae) – жабык уруктуу өсүмдүктөр тукуму. Дарак же бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашкан. Бир үйлүү, айрым жыныстуу. Аталык гүлдөрү цилиндр сымал узун сөйкөчө топ гүлгө чогулган. Аталыгы 2-12. Энелик топ гүлү машактай. Мөмөсү 1 уруктуу, жаңгак же жаңгакча канаттуу. Кайыңдын 150 түрдү бириктирген 6 уруусу, Кыргызстанда 8 түрү белгилүү. Түндүк жарым шардын мелүүн жана суук климатына ыңгайланышкан. Жарык жерде жакшы өсүп, кайыңдуу токойду түзөт. Жыгачынан баалуу эмерек жасалат. Жалбырак бүчүрлөрү, ширеси дары-дармек жасоодо пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5