Кайыңды-Булак
Кайыңды-Булак – Кара-Кулжа районундагы суу. Алайкуу кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 36 км, алабынын аянты 240 км2. Тардын жогорку агымы Алайкууга сол жактан куят. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м. Башталышы Кыздар деп аталат. Өрөөнү карагай токойлуу. Кайыңды-Булакка оң жактан 6 суу куят. Жылдык орточо чыгымы 1,33 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь-июлда, эң азы мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кугай кыштоосу жана Кайың-Талаа кыш. жайгашкан.
Кайыңды-Булак
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 36 км |
бассейндин аянты | 240 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Ош облусу |
Район | Кара-Кулжа району |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5