Какаси Хатакэ (жапон. はたけ カカシ) - Масаси Кисимото ойлоп чыккан "Наруто" (англ. Naruto) манга жана анименин каарманы. Окуяда Какаси Наруто Узумаки, Саске Учиха жана Сакура Харунодон турган 7-тобунун устаты. Башында өзүнчөлөнгөн, сабыры суз Какаси, окуянын өрчүшү менен досторуна көрсөткөн ишенимдүүлүгү окучууларына ачык айкын боло баштайт. Какасинин өткөн жашоосунда болгон нерселер ачык болуп, турмушунда бир кыздын катышуусу белгилүү болот. Какаси "Наруто" мангасына байланыштуу бир канча медиаларда пайда болгон, алардын ичине тогуз тасмадан алтоосу, баардык оригиналдуу видео анимациялары жана бир канча аидео оюндары кирет.

Кисимотонун оюу боюнча Какаси катуу талап кылуучу устат болмокчу, бирок кийинчирээк жазуучу ал ойдон баш тарткан. Анын ордуна жазуучу ага аялга таандык болгон мүнөзгө ээ кылып, кыйын жагдайларда окучууларына жардам берген устатка айланткан. Какасинин сүрөттөлүшү Кисимотого бир канча кыйынчылыктарды алып келген, каармандын жарым бети жабык болгонунан улам, анын эмоцияларын көрсөтүүгө кыйын болгон. Анименин жапон версиясында Какасинин үнүн Казухико Иноэ коштогон, ал эми англис тилиндеги версиясын Дейв Уиттенберг.

Түшүндүрмөсү түзөтүү

Сюжетте түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү