Какач - баштын чачтуу терисинде пайда болуучу көп сандаган түрпүчө.

Какач.

Жөнөкөй Какачта майда түрпүчөлөр бүт чачта же маңдайда жана төбөдө болот. Мында май аз бөлүнүп, кычышат; чач кургап кырчылып түшө баштайт. Какач витамин (В, А тобундагы) жетпегенден, ичеги-карын, нерв системасынын иши начарлоодон, чачты жакшы күтпөгөндөн пайда болот. Майдын көп бөлүнүүсүнөн (к. Себорея) пайда болгон Какач майланышып, саргыч тартып, чач тез кирдейт. Какач пайда болгондо врачтын көрсөтмөсү менен витаминге бай тамак-аш ичип, жакшы уктап, маалы менен эс алып, Какачтын түрүнө жараша чачты күтө билүү керек (к. Чач). Какачтын өтө көбөйүшү, баштын терисинин сезгениши, чачтын кырчылып түшүшү айрым оорулардын (мисалы, микроспория, псориаз, экзема) белгиси болушу мүмкүн, андыктан бул учурда врачка кайрылуу зарыл.

Тактайда псориаз түзөтүү

Абдан көп Түрчөсү. Плиталар боз быдыр desquamation менен капталган кызыл түстү жана жогорку бар. Тери бир аз эле аялдан кан кете баштаса, андан кийин жазуу, ошондой эле, жок. Жабыр тарткан аймакта жергиликтүү температурасы өсүшү бар. Плиталар кошуна жактар менен өлчөмү жана бириктирүү ырбап кетиши ыктымал.[1]

Жазуулар түзөтүү

  1. Башына псориаз белгилери. Archived 2020-02-03 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8