Какмачы
Какмачы — мергенчилик кылууга же аң уулоого жардамчы катары катышкан адам. Ал айрым учурларда жандооч, айдооч деп да аталат. Кыргызда «Жандоочу кийик аттырат» деген макал бекер жеринен айтылган эмес. Какмачы кайберенди же илбээсинди акмалап жаткан мергенчилерге карай сүрүп берет.
Булактар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4