Какшаал капчыгайыИчки Теңир-Тоонун түштүгүндө, Какшаал тоо тизмегинде. «Үч-Суунун куйганы» деп да аталат. Ак-Сай, Мүдүрүм жана Көк-Кыя суулары кошулган жерден мамлекеттик чек арага чейин 25 кмге созулуп жатат. Түштүгүндө Көк-Кыя, түндүгүндө Бозой жана Чычардын тоолору жайгашкан. Ат-Башы районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 2800-2900 м бийикте жайгашкан. Эң кууш жери 100-150 м (кээде каньон сымал), чек арада 400-800 м, суунун таманында 20-40 м. Капталынын салыштырмалуу бийиктиги 400-800 м, тиктиги 55-60°. Капталдарында 80-700, 140-160, 200-250 м бийикте кашат сымал жантаймалар бар. Чек арада капчыгай кууш, зоокалуу. Суу капчыгайдын таманын дээрлик ээлеп агат. Генезистик тиби боюнча антецеденттик өрөөн. Ландшафтында субальп жана альп талаасы, субнивалдык чөл алкактары басымдуу. Электр станциясын курууга өтө ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү