Калайык — жер жүзүндө, континент, өлкө, өзүнчө аймак, район, шаарда жашаган адамдардын тобу. Кеңири колдонулуучу калк термининен калайык термини көбүнчө калктын социалдык-экономикалык жагын мүнөздөө менен айырмаланат. Калкты демография илими изилдейт. Биологиялык, географиялык социалдык-экономикалык факторлор калктын өнүгүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. Калк проблемалары адамдын биологиялык тегине, айлана- чөйрө менен өз ара байланышына, коомдук баскычтардын өнүгүшүнө жараша болот. Анткени, калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдогу негизги өндүргүч күч болуп саналат. Калкты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү, жайгашуу, урбанизация, миграция, жыныс жана жаш боюнча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамдары кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү