Калай кен таштары - курамында казып алууга арзырлык калай металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Жаратылышта калай минералынын 18 түрү кездешет. Бирок алардын ичинен касситерит менен станнин гана ө. ж-лык мааниге ээ. Кен ташта булардын концентрациясы көп санда топтолот. Калай кристаллдуу жана кристаллсыз кен таш түрдө жолугат. Кени нукура жана чачыранды түрлөрдөн турат. Нукура кендер пайда болуу шартына жараша пегматиттүү, скарндуу, альбититтүү, гидротермдүү, грейзендешкен түрлөргө бөлүнөт. Өнөр-жай кендери бир нече классты түзөт. Мында С. С. Смирнов (1937), кийинчерээк О. Р. Левицкий жана Е. А. Радкевич түзгөн классификация зор мааниге ээ. Азыркы кезде В. И. Смирнов (1955) жана М. П. Материков (1974) тактап чыккан классификация кеңири колдонулууда. Мында минерал.-геохимиялык курамы боюнча К. к. силикат-кварцтуу, силикат-карбонаттуу, силикат-сульфиддүү түрлөргө бөлүнөт. Ошондой эле башка касиеттерине жараша бир нече ген. типтерге жана кен таш формацияларына ажырайт Калай кен таштарындагы эң негизги минерал болуп эсептелген касситерит минералы физикалык-химиялык жактан туруктуу касиетке ээ. Ошол себептен геол. сырткы процесстердин таасиринен элювий, делювий, аллювий чачыранды кендерине айланат. Мындай кендер дүйнөлүк калай кенинин 75%ин түзөт. Азыркы кезде нукура кендерде 0,1-0,2% , чачыранды кендерде 100-150 г/м3 калай кездешсе, ө. ж-лык мааниге ээ болот. Чет өлкөдөгү эң ири калай кендерине Малайзия (Сунгей-Лембинг жана Кинга өрөөнүндөгү чачыранды кендер), Боливия (Лалагуа), Бирма (Маучи), Индонезия (Клаппа-Кампит), Кытай (Лаочан, Суншуцзяо, Малаги), Австралия (Аберфойл), Япония (Ахенобе), Россия (Забайкал-Окон, Этыкин, Ы. Чыгыш, Чукотка, Колыма, Приамурье, Приморье, Якутия, Депутат, Илинтас, Бургочан) ж. б. мисал болот. Кыргызстанда Үч-Кошкон, Сары-Булак, «Трудовое» ж. б. калай кендери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү