Калашников, Николай Семенович

Калашников, Николай Семенович – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Өмүр жолу түзөтүү

1913-жылыПишпек шаарында дыйкандын үй бүлөсүндө туулган. Улуту орус. КПССтин мүчөсү.Фрунзедеги айыл-чарба техникумун бүтүргөндөн кийин республиканын түштүгүндө , Куршаб районундагы Ленин айылында зоотехник болуп иштеген.1935-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган жанаТашкенттеги В. И. Ленин атындагы жөө аскерлер окуу жайына жиберилген. Аны бүткөн соң ошол жерде кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда улуу лейтенант Н. С. Калашников Фрунзе атындагы согуш академиясына жиберилип, анын тездетилген курсун окуп, бүткөндөн кийин 1942-жылы фронтко жөнөтүлгөн.

Эрдиги түзөтүү

Автоматчылардын моторлоштурулган батальонунун командири, гвардиянын майору Н. С. Калашников 3-Белорус фронтунда салгылашка катышты.Командирлик айрыкча жөндөмдүүлүктү, тайманбас эрдикти жана каармандыкты көрсөттү.

Сыйлык – наамдары түзөтүү

Кызыл Жылдыз ордени,“Сталинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган.1944-жылдын 14-августунда Каунас үчүн болгон салгылашта баатырларча курман болгон.1945-жылы март айында Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Сөөгү Каунас шаарындагы Витовта паркына коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Иманкулов.А, Алыкулов.Б, Турсунбеков.Ч “Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт”- Фрунзе; 1986