Калдарбек"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштырган казак бектеринин бири. Буудайбектин өргөөсүнө жыйналган казак бектери "Канжардын курчун алгын деп, Как жүрөккө малгын деп" Алмамбетти өлтүрүүнү К-ке тапшырат. Бирок, Алмамбеттин каарынан корккон чагымчылдардын эч кимиси даап анын жанына да бара албай коёт (Сагымбай Орозбаков, 2. 255).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4