Калдыбаев Курбанбай Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешине караштуу Ак-Терек айылында 1938-жылы 20-мартта туулган.

1945–1952-Жж. “Үлгүлүү” 7 жылдык мектепте окуп, кийин Куршабдагы В.Я.Ворошилов атындагы орто мектепти бүтүргөн. Кесиптик-техникалык окуу жайынын курсун аяктап, 2 жыл сатуучу болуп иштеген.

1960–1962-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1962–1967-жж. Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп, университеттин комсомол комитетинин катчысы болуп иштеп, артыкчылык диплому менен аяктаган.

1967–1972-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окутуучу болуп эмгектенген.

1972–1974-жж. Ош облустук телерадио комитетинде редактор болуп иштеген.

1984-жылы 46 жаш курагында жол кырсыгынан каза болгон.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Тууган жерим-туу казыгым. – Ф.: Мектеп, -1973 – 38 б.

Кол табы. – Ф.: Кыргызстан, 1982, 72–б.

Сапар түйшүгү. ⁄ Түзгөн: А.Айтманбетов. – Б.: Айат, 2005. – 186 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү