Калдыбаев айчүрөк токтополотовна

Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна – педагогика илиминин доктору, профессор.

1958-жылы Ош областынын Алай районунда туулган. 1980-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, орус тили жана адабияты, тарбия боюнча методист адистигине ээ болгон. 1983-1986-жж. Кыргыз педагогика илимий изилдөө институтунда аспирантурада окуган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1980-жылдан баштап окутуучу, доцент, сырттан окуу институтунун директорунун орун басары, факультеттин деканы болуп эмгектенген. Азыркы күндө ушул эле университеттин педагогика кафедрасынын башчысы, анын жетекчилиги астында 8 аспирант кандидаттык диссертациясын коргоп, 4 ү жактоого сунушталган, 7 аспирант илимий иштин үстүндө эмгектенүүдө. Кесиптик багыттары төмөнкүлөр: этнопедагогика, педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы, жогорку окуу жайынын педагогикасы, тарбия иштеринин методикасы, мектеп педагогикасы. 3 монографиянын, 21 окуу-методикалык куралдардын, 130 дан ашык илимий макалалардын автору. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: “Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар”; “Адеп (Мурас)”. / 5-класс үчүн окуу китеби; “Адеп (Мурас) ”. / Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо; “Кыргыз элдик педагогикасынын мугалимдерди даярдоодогу ролу”: Атайын курс. / Методикалык сунуштар; “Педагогикалык практика боюнча методикалык сунуштар”; “Калык Акиевдин чыгармаларынын тарбиялык мааниси”; “Педагогика тарыхынын очерки”. / Окуу куралы; “Элдик акындар жана тарбия”. / Методикалык курал; “Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери”. / Методикалык курал; “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы”. / Окуу куралы; “Кредиттик окутуу системасы студенттердин өз алдынчалыгын өстүрөт”; “Общее и особенное в воспитании кыргызского и корейского народа”; “Этнопедагогикалык идеяларды тарбиялоо процессинде колдонуунун методикалык өзгөчөлүктөрү”; “Тарбиялоо жана окутуу процессин моделдөөнүн талаптары жана принциптери”; “Организация учебного процесса по кредитной технологии в КГУ им. И.Арабаева в рамках Болонского процесса”. Илимий докладдар менен Ирландия, Турция, Россия жага Казакстанда эл аралык конференцияларга катышкан.

Сыйлыктары түзөтүү

1. Педагогикалык билимге эмгеги сиңгендиги үчүн 2011 жылы КР президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2. И. Арабаев атындагы КМУнун «Эмгек сиңирген ишмери», «2013, 2016-жж. Мыкты профессору», 2014 ж. “Мыкты кафедра башчысы” болуп танылган. 3. Орусия Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти ( Москва). 4. А.Т. Калдыбаеванын жетекчилиги астында 8 аспирант кандидаттык диссертация коргогон, 4 аспиранттын диссертациясы жактоого сунушталган:

1. Бабаева А.Д. – ОШму

2. Назаралиева Ч.Ш.

3. Турганбаева Ж.Ж.

4. Жусуева Б.

5. Мирзалиева Э.

6. Махашева Ф.

7. Иманкулова С.Э.

8. Сулайманкулова Ж