Башбаракты ачуу

Калейдоскоп - (Грек тили kalos - сулуу, кооз, eidos - көрүнүш, тур жана skoрeо - карайм) –

1) ичинде пластинка түрүндөгү үч күзгү өз ара 60° бурч менен жайгашып бекитилген түтүкчө. Бул түтүктүн бир учу күңүрт айнек менен жабылып, ага түрдүү түстөгү айнек сыныктары салынат. Бул сыныктар түтүктүн калган көлөмүнөн тунук айнек аркылуу бөлүнгөн. Түтүктүн экинчи учуна керүү тешиги бар капкакча бекитилген. Түтүктү айлантканда айнек сыныктары тоголонуп үч бурчтук күзгүнүн борборунда түстүү фигураларды түзөт. Бул фигуралардын күзгүдөн чагылышы түрдүү түстөгү ар кандай кооз көрүнүштөрдү пайда кылат. Калейдоскопту англис физиги Д. Брюстер (1817) ойлоп тапкан, азыр ал балдар оюнчугу катары пайдаланылат.

2) Белгилүү мезгилде кандайдыр кубулуштардын же окуялардын бат өзгөрүп же алмашып турушу.


Каледон бүктөлүүсү - (Caledonia - Шотландиянын латынча аты) - палеозой заманында (кембрий, ордовик, силур, кээ бир жерде девон) болгон жер кыртышындагы бүктөлүү, тoo пайда болуу жана граниттешүү сыяктуу тектоникалык процесстердин жыйындысы. Терминди илимге франц. геолог М. Бертран киргизген (1887).

Каледон бүктөлүүсүнүн аймактарына - каледониддерге Европада - Ирландия, Шотландия, Уэльс, Түндүк Англия жана Скандинавия жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгү, Шпицберген аралы Азияда-Борбордук Казакстан (батыш бөлүгү), Түндүк Тянь-Шань, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы жана Кытайдын түштүк-чыгышы кирет.

Ошондой эле Чыгыш Австралия (Тасмания аралы менен бирге), Түндүк жана Чыгыш Гренландия, Түндүк Аппалач да каледонидге таандык. Алардан башка Уралда, Верхоян-Чукча областынын түндүк- чыгышында, Чыгыш Аляскада, Борбордук жана Түндүк Андда жана көптөгөн башка жаш буктелуу тоолордо да каледониддер бар.

Каледон бүктөлүүсүнүн эң алгачкы фазалары (алгачкы каледон) кембрийдин ортосу - аягындагы (салаир), негизгилери - ордовиктин аягы - силурдун башталышына (такой) жана силурдун аягы - девондун башталышына (кийиики каледон), аяккылары - девондун ортосундагы (оркад) мезгилге туура келет. Алгачкы каледондо бүктөлүү кыймылдары күчөп, чопо-сланецтуу (аспид), граувакка кээде флиш, карбонат, спилит-кератофир жана диабаз тоо тек катмарлары пайда болгон.

Айрым жерде гипербазиттер тараган. Кийинки каледондо негизинен тоо пайда болуу жүрүп, тоо аралык ойдуңдарда континенттик Кызыл түстүу чөкмөлөр (моласстар), эффузив жана туфтардын калыц катмарлары пайда болгон.

Каледон бүктөлүүсү анын айрым аймактарында геосинклиналдык өнүгуштүн толук аяктабагандыгы, четки ойдуңдардын жоктугу, калийлуу кийинки граниттердин аз болушу алгачкы геосинклиналдык жанар тоолордун атылышынан келип чыккан тоо тектердин жана офиолиттердин кецири таралышы менен башка бүктөлүулөрдөн айырмаланып турат.

Кыргызстанда Түндүк Тянь-Шандагы тоолор Каледон бүктөлүүсүнөн келип чыккан жана андагы айрым кендер аны менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.