Калий хлориди, КСl — түссүз кристалл, эрүү t 790°С, 0°С 100 г сууда 28,1г эрийт. Суюк аммиакта жана метил спиртинде бир аз эрийт, көпчүлүк орг. эриткичтерде эрибейт. Жаратылышта сильвин жана карналит минералы түрүндө кездешет жана бул минералдар КСl алуудагы негизги сырьё болуп эсептелет. Негизинен КСl — калий жер семирткичи катарында жана КОН, калий туздарын алууда баштапкы сырьё катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү