Калинина, (Холина) Роза Павловна

Калинина, (Холина) Роза Павловна (1924-ж. т., Татарстан, Казан ш.) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). Казан мамлекеттик ун-тин бүткөн (1947). «№ 14 почтовый ящиктин» геологу (1947–52), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын геол. бөлүмүнүн улук инженери (1952–77). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Калмурзаев, Каный Егизбаевич (1932, Кызыл-Кыя ш. – 1998-ж., Бишкек ш.) – геолог ж-а геохимик, геология-минералогия ил. доктору (1972) Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1977). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1957), Кыргыз ИАнын геол. ин-тунун кенже (1957). Улук (1965) илимий кызматкери, сектор башчысы (1973), Сейсмология ин-тунун директору (1975–88) Кыргыз УИАнын ТТ ФМИде лаборатория башчысы болуп иштеген (1988 –1998). 140тан ашык илимий эмгегинин ону монография. Эмгектери негизинен Теңиртоо бүктөлүү системасындагы байыркы тоотектердин геол. түзүлүшүн, курамын ж-а кен-байлыктарды изилдөөгө, формация-геохимиялык анализдөөгө арналган. Кембрий менен ордовикте пайда болгон ж-а металлдар кеңири тараган каралжын сланецтерди Түркстан-Алай, Заравшан, Кызылкум ж-а Нуратоо аймактарында толугу менен изилдеп, анын жалпы курамына сейрек, чачыранды ж. б. көптөгөн баалуу хим. элементтери бар көмүртек-кремнийлүү каралжын формациясын бул аймактарда өз алдынча структура-формациялык ж-а стратиграфиялык бирдик катары бөлгөн. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү