Калкаман

Манас эпосундагы каарман, кырк чоронун бири

Калкаман - кырк чоронун бири. Чоролордун катарында дайыма калк башкарган билерман катары саналат.Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо расиминде аты онунчу келип, тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт. С.Каралаевда Калкаман белгилүү күлүк “Капталында кайкалай бүткөн канаты” бар Кара аттын ээси катары гана айтылат.

Адабият түзөтүү

  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы. “Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек, 1995.