Калканбези - моюндун ортосундагы калкан сымал чемирчекте жайгашкан.
Ал кубик түрүндөгү эпителий клеткалардын фолликулаларынан турат. Ушул фолликулалар тироксин м-н трииодтиронин гормондорун иштеп чыгарат. Бул гормондор организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Калканбезинин ишинде йоддун мааниси чоң. Организмде йод жетишсиз болсо Калканбезинин көлөмү кичирейип, без ээктин астында куштун жемсөөсүнө окшоп калат (зоб). К-нин иши начарлаганда мал жакшы басалбай, теңселет. Дененинин жылуулугу нормадан төмөндөп, салмагы түшөт. Негизинен бүт зат алмашуу процессин начарлатат. Кишилерде Калкан бези жакшы иштебей калса, суу организмден жакшы бөлүнбөй микседема (ак шишик) оорусу пайда болот. Калканбезинин иши нормадан жогору учурда, тескерисинче организмде зат алмашуу тездеп, Базедов оорусуна алып келет. Бул кезде гипергликемия (канда канттын көбөйүшү), глюкозурия (сийдик м-н кошо канттын бөлүнүшү), креатинурия (сийдик м-н белок заттарынын бөлүнүшү) ж-а тескери азоттуу баланс байкалат, көз тостоюп, чанагынан чыгып, кескин арыктайт.

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4