Калкан жанындагы бездер - кишинин жана омурткалуу жаныбарлардын (балыктан башка) ички секреция органы.

Калкан жанындагы бездер кээ бир сүт эмүүчүлөрдө (чычкан, кирпи, чочко ж. б.) 1 жуп, айрымдарында (жарганат, коён, мышык, төө, кой-эчки ж. б.) жана адамда 2 жуп болуп, калкан безинин үстүңкү бетинде же анын ткандарынын арасында жайгашкан.

Калкан жанындагы бездер туташтыргыч ткандуу капсула менен капталган без-эпителий тканынан турат. Алар организмде кальций жана фосфор алмашууну жөнгө салуучу паратиреоид гормонун иштеп чыгарат.

Зоб жана калкан безинин аймактык богоктун дарылоо дененин иш жүгүн азайтууга багытталган керек. Бул алардын кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тартуу эмес, аны адаттагыдай эле иштөөгө мүмкүндүк берет.[1]

Жазуулар түзөтүү

  1. Калкан ооруларды дарылоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.