Калктын иш менен камсыз болуусу

Калктын иш менен камсыз болуусу — 1) чарбалык жана башка ишмердикке катышуу боюнча адамдар ортосундагы өз ара алака-катышты мүнөздөөчү экономикалык мамилелер; 2) жарандардын колдонуудагы мыйзамдарды бузбаган жана өздүк, коомдук керектөөнү канааттандырууну улантуучу ишмердиги. Калктын иш менен камсыз болуусу өздүк эмгекке негизделген киреше алууну болжолдойт. Ал коомдун, эмгек коллективинин, ар бир кызматкердин эмгекке жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Иш менен камсыз болгондукка коомдук пайдалуу ишмердик менен алектенгендер: акы алуу менен жалданып иштегендер (толук же толук эмес жумушчу күн же жума режиминде); жекече эмгек ишмердиги менен алектенгендер; үй чарбачылыгында иштегендер; аскер кызматкерлери; ишкерлер; фермерлер; кооператорлор жана калктын башка категориялары кирет. Мындан тышкары анын үйдөн иштөө, окуучулардын бош убактысында иштөөсү, бир эле убакта бир нече жерде иштөө деген түрлөрү да бар. Рынок мамилелерине өтүү шартында биздин өлкөдө калктын иш менен камсыз болуу проблемасы курч коюлууда. Айрым кесип ээлеринин жана адистердин жетишпегендигине карабастан, Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда жумушсуздук өсүүдө. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызмат ишмердигин түп-тамырынан жакшыртуу маселеси турат. Убактылуу иштебеген жарандарга социалдык гарантиялар, а. и. жумушсуздарга жөлөк пул жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жардам төлөө маселеси келип чыгууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү