Калк географиясы — түрдүү социалдык, экономикалык, тарыхый жана табигый шарттарда калктын жана калктуу жерлердин азыркы курамын жана өнүгүүсүнүн закон ченемин, аймак боюнча өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. Экономикалык Географиянын бир тармагы. Калк географиясы эки негизги багытка ажыратылат: 1) өз алдынча өлкөлөрдү жана анын айрым бөлүктөрүндөгү (Кыргызстанда — облус, район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды жана калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачылыктары аркылуу калктын отурукташуу типтерин жана формаларын изилдөө; мында байкоонун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири менен тыгыз байланышта. Калк географиясы төмөнкүлөрдү иликтейт: калктын өндүрүштөгү аймактык айырмачылыктарын; анын демогр. структурасын; социалдык жана этностук курамын; эмгек ресурстарын жана аны пайдаланууну; миграциянын ургаалдуулугун, анын курамын жана багытын; калктын жыштыгын жана аймакка жайгаштыруу тибин, жашоо ыңгайындагы аймактык айырмачылыктарын окутат. Бул аркылуу калк географиясынын башка тармактары келип чыкты: эмгек ресурстарынын географиясы, миграция географиясы, калктуу пункт географиясы жана башка калк географиясы демография, этнография, социология, экономика жана башка илимдер менен тыгыз байланышта.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү