Каллиграфия, кушкат кыргызча (грек. καλλιγραφία - сулуу жазуу) – тамгаларды туура жана сулуу жазуу чеберчилиги, б. а. «Каллиграфия» деген термин «кол жазма», «жазуу» деген сөздөргө жакын маанини берет. Баланын сабатын ачууда окутуу менен бирге эле жазууга да үйрөтө баштайбыз.

Куран бетиндеги кол жазма (XII кылым, Андалузия)

«Жазуу» деген термин «графика» деген мааниде колдонулат, б. а. сөздөгү тыбыштар менен жазуудагы тамгалардын байланышы, ошондой эле аларды жазуудагы процесстин өзү.
«Каллиграфия» менен «графика» мааниси жактан жакын түшүнүктөр. Бири – тамгалардын сүрөтүн тартуу, экинчиси ошол тамгаларды туура, так, сулуу жазуу. Тамгаларды жазууда туурасын, узунун, жантаюсун, аралыктарын бузуп жазса каллиграфиялык ката болуп эсептелет. Тамганы бузуп жазуу манжалардын туура эмес кыймылынан, калем сапты, туура эмес кармагандан, дептердин туура эмес жатышынан жана отургучта туура эмес олтургандан болот. Ошондуктан жаздырганда тамгаларды жана анын элементтерин так жазууга биринчи күндөн тарта көндүрүш керек.

Бала тамгаларды элементи менен жазуудан мурда, ал тамганын элесин көз алдында чагылдырыш керек. Тамганын элеси баланын башында сакталганда гана жакшы натыйжа берет. Жазып жатканда бала бир эле тамганы жазып койбостон, аны экинчи бир тамга менен туташтырып, сөз, андан сүйлөмдү жазганга үйрөнөт. Алиппе мезгилинин аягында баланын каллиграфиялык кол жазмасы калыптана баштайт.

Окуучуларды сулуу жана таза жазууга үйрөтүүнүн педагогикалык жана коомдук зор мааниси бар. Бул жумуш – мугалимдин чымырканып иштөөсүн жана графикалык көнүгүүлөрдү системалуу түрдө жүргүзүп туруусун талап кылат. Жакшы жазууга көнүккөн окуучу катаны да аз жиберет. Мугалим баланы сулуу жана таза жазууга үйрөтүү менен бирге, окуучуларды өз эмгегин баалай билүүгө, аткарып жаткан жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга тарбиялай алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,