Калмамат КуламшаевКыргызстандын Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин аскердик милдетин аткарып келип, Бишкек шаарындагы Политехникалык институтунун кечки даярдоо курсунда окуган. Андан кийин Кыргыз техникалык университети–нин механикалык факультетинде окуп жүргөн жеринен Түркияга кеткен. Түрк тили курсун ийгиликтүү аяктагандан кийин Анкара шаарындагы Гази университетинин Табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүн бүтүрүп, ушул эле университетке караштуу Социалдык билимдер институтунун Түрк тили жана адабияты адистиги боюнча Магистратуралык эмгегин жана Докторлук эмгегин жактап, Түрк тили илиминин доктору (Phd) наамын алган. Түркияда билим алып жүргөн учурунда «Билге», «Йүже йерек/ Улуу тилек», «Кардеш калемлер/ Боордош каламдар» сыяктуу журналдарда түрдүү макала жана котормолор жарыялады. Түркияда билим алуу менен эле чектелбестен Гази университетинде конок мугалим катары Кыргыз тили жана адабияты, Кыргыз тили жат жазуу/сочинение боюнча сабак берген. Ошондой эле илимий китептерде, эл аралык илимий-популярдуу журналдарда макалалары жарыяланган Калмамат Куламшаев Энесай кыргыз тили, Көктүркчө, Эски уйгурча, Тарыхый түрк тилдери, өзбек, татар, башкырт, якут жана башка күнүбүздөгү түрк тилдүү элдерин фонетикасы, моргологиясы боюнча, Түрк тектүү элдердин арасындагы котормо маселелери жана теориясы боюнча бакалаврдык, магистрдик жана аспирантуралык багытта сабактар берип, магистрдик, кандидаттык эмгектерди жетектеген. Проф. др. Садык Турал тарабынан жүргүзүлгөн 31 томдук Түрк дүньясы ортак эдебияты/ Түрк дүйнөсү орток адабияты долбоорунда башкырт, каракалпак, карай, кыргыз, ногой, татар жана башка тилдерден түркчөгө котормолор жасаган. Ошондой эле Проф. Др. Невзат Көсэогълу тарабынан жүргүзүлгөн, Маданият министрлигинин Түркие дышындаки түрк эдебиятлары аттуу долбоордо кыргыз жана түрк жазуучуларынын жана акындарынын чыгармаларын которгон. Куламшаевдин Акыркы мезгилдерде которгон чыгармаларына, Бишкекте жарыяланган Керимбек Кадыракуновдун тандалган ырларын (Улуу көч/ Büyük Göç -2017),  Таштанбек Чакиевдин «Бегимай ыр түрмөгүн» (Сүйүү лабиринти/ / Aşk Labirenti – 2017); Түркияда Эл аралык ТҮРКСОЙ мекемеси тарабынан жарыяланган Бексултан Жакиевдин үч пъесасын ("Yaydan Çıkan Nağmeler"-2016 ), Кеңеш Жусуповдун «Эне кудурети/ Ana Gücü», «Жалгыз Арча/ Yalnız Ardıç», «Сүйүү рейси/ Aşk Seferi» аңгемелерин (Kalbimin Dağları/ Жүрөгүмдүн тоолору-2017), Кожогелди Кулуевдин көптөгөн ырларын (Köklerden kanatlara kadar/ Тамырдан канаттарга карай-2018), Төлөгөн Мамеевдин тандалган ыр китебин (Ben Dünyayı Temizlerim Şiirimle/ Мен дүйнөнү тазалаймын ыр менен-2018), Түркиянын Элазыгъ шаарындагы Манас басмаүйү тарабынан жарыяланган Абдылдажан Акматалиевдин айкөл жана атактуу жазуучубуз Айтматовго арналган ыр китебин (Tüm Evrene Aytmatov’dan Selam Var.../Аалам кезип Айтматовдон салам айт...-2018) аттуу эмгектерди атап өтүүгө болот.

Учурда жаш өзбек жазуучусу Исажан Султандын «Боқий дарбадар» аттуу романын түркчөгө «Ебедий серсери» Кыргызчага «Өлүмсүз өлүмтүк» деген ат менен которуп жаткан Куламшаев татар, башкырт, кыргыз, якут балдар адабиятынын чыгармаларын, кыргыз акын жазуучуларынын чыгармаларын түркчөгө адабий которуу, 1990-жылдан кийинки Кыргыз поэзиясынын антологиясын түзүү жана Дыйканбек Шамшидин уулу, Рыскүл Изатова сыяктуу жаш кыргыз акындарынын чыгармаларын түркчөгө которуу иштерин жүргүзүп жатат. Рыскүл Изатованын  калеминен которгон тандалма ырлары жакында өз алдынча китеп болуп түрк жана кыргыз тилдеринде Бишкекте жарыяланмакчы.

Түрк тилдери арасындагы электрондук котормо маселеси боюнча Табигый тил иштетүү багытында (NLP) башкырт тили жана ногой тилдеринин эки даражалуу морфонологиялык базасын компьютердик программага киргизген Куламшаев, Табигый тил иштетүү багытында (NLP) кыргыз, татар, казак, өзбек сыяктуу тилдердин да эки даражалуу морфонологиялык базасын компьютердик программага киргизүү иштерине активдүү катышып келүүдө.

Мындан сырткары Кыргыз акын жана жазуучусу Манас университетинин мугалими Р. Таштиемированын ырларын жана «Эне жыты» аттуу повестин, ошондой эле көрүнүктүү жазуучу Самсак Станалиевдин «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу романын түрк тилине которуу иштеринин үстүндө иштеп жатат.