Калтаң"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак баатыры, бирде доотай, бирде жаң-жуң делет. Кол курап жаткан Орго кан кабарчы жөнөтүп чакыртып, К. отуз миң аскери менен Оргого келип кошулат. Согуш башталарда К. колундагы Атан аттуу балбанын жекеге жөнөткөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 80).

Бул ысым моңголдорго тибет тилинен кирип, "кубанычтуу, сүйүнүчтүү" деген маанини билдирет. Эпоско киришине жунгар доорундагы кыргыздар менен калмактардын ортосундагы окуялар себепчи болгон сыяктанат. Тарыхта ошол мезгилдерде Жунгар мамлекетин башкарган жана баскынчылык согуштары менен белгилүү болгон Галдан Бошокту жана Галдан Церен деген эки кан маалым. Эпосто Жунгар мамлекети менен кыргыздардын ортосундагы окуялар чагылдырылгандыгын эске алсак, ушул эки кандын ысымы ошол учурларда эпоско кирип калышы ыктымал. Эпосто бул антропоним Калдан (казак бийи), Калдаң (кыпчак балбаны) болуп өзгөргөн түрдө башка кейипкерлердин ысымы катары да жолугат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4