Калуга (шаар)Россиядагы шаар. Калуга облусунун административдик борбору. Орто Орус дөңсөөсүндө, Ока дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан. Калкы 327,5 миң (2007). Жолдор тоому. Темир жол бекети. Ока дарыясындагы пристань.[1]

Калуга. Биздин күндөрдө.

Алгач 1371-жылы литва князы Ольгерддин грамотасында эскерилет. Калуганын тургундары 1605—07-жылы И. И. Болотников жетектеген көтөрүлүштү колдогон. 1776—1929-жылы Калуга губерниясынын, 1944-жылдан Калуга облусунун борбору. 1859—68-жылы имам Шамил (ардактуу туткун катары) жашаган. Мурда шаарда жыгач курулуштар басымдуулук кылса, 17-кылымдын орто ченинен таштан салынган чиркөөлөр курула баштаган. Барокко стилиндеги 4 баскычтуу коңгуроолуу Успение (1754—62), Ыйык Ионн Предтеча (1734—35), Ыйыктар Косма жана Дамиан (1794) чиркөөлөрү, Троица собору, дворяндар окуу жайы (1779; учурда Мамлекеттик педагогикалык университет), почтамт (1782), меймандар ак сарайы, Макаров палатасы, Оболенскийдин үйү жана башка сакталган. Машина куруу (электроника, транспорт жана өнөр жай жабдуулары), «Калугаприбор» (байланыш аппаратуралары), «Автоэлектроника-Элкар» илимий-өндүрүштүк ишканасы, «Промприбор» (1992; сууну жана жылуулук энергиясын эсептөөчү приборлор), «МегаК» (1991; контактсыз өчүрүүчү приборлор жана датчиктер), электр-механика, металл иштетүү, транспорттук машина куруу [(темир жол техникаларын жана автомобилдерди германиялык «Volkswagen» концернинин лицензиясынын негизинде чогултат (моделдери: «VW Passat», «Skoda Octavia»)], булгаары — бут кийим («Калуга — Шен-Заря» Россия — Германия бирикмеси), жыгаччылык («Гигант» бирикмеси), химия, тамак-аш («Кристалл» аракшарап, пиво, эт, сүт жана башка) өнөр жай ишканалары, клавишалуу музыкалык аспаптар өндүрүшү иштейт. Телемеханикалык курулмалар ИИИ, Калуга илимий борбору, 16 ЖОЖ (анын ичинен филиалдар, педагогикалык институт), авиация жана космос техникалары илимий-изилдөө лаборсы, китепканалар, музейлер (анын ичинен край таануу, сүрөт, К. Э. Циолковский атындагы Космонавтика тарыхы жана анын филиалы жана башка), Циолковскийдин үй-музейи, театрлар, планетарий бар. 2002-жылдан 3 жылда бир С. И. Танеев атындагы камералык ансамблдердин эл аралык конкурсу, «Калуга жазы» искусство фестивалы (2004-жылдан) жана башка өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Калуга: сүрөттөлүшү жана кооз жерлери