Калчабаева Бурул - драматург.

Бурул Калчабаева Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1951-жылы туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019).

1968-жылы орто мектепти аяктаган.
1979-жылы КМУнун филология факультетин,
1989–1991-жылдары Москва Адабият институтунун Жогорку адабият курсун бүтүргөн.
Б.Калчабаеванын «Күкүк жазында чакырат» деген биринчи пьесасы 1975-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарыяланган. Анын пьесалары Кыргызстандын облустук жана райондук театрлардын сахналарында жана, Казакстанда коюлган.
Ал Г.Нахуцришвили, В.Володина, Д.Киносито, А.Дурдыева, Дж.Кийи, Т.Ибраимов, Т.Абдыгуловдордун пьесаларын которгон.

ПЬЕСАЛАРЫ

Толкундар тереңге кетет. – Нарын облустук театры (1978).

Мен сүйгөн обон. – Ысык-Көл драма театры (1986), Чүй облустук театры (1997).

Кыз күйөө (1991), Аянанат (1990). – Казакстандын Талдыкоргон облустук театры.

Арман, Таштабай тентек. – Кыргыз Улуттук драма театры (2000).

Аян. – Кыргыз Улуттук драма театры (2001).