Уикипедиянын түзүлгөн күнү

  • 1919-жылыАКШнын Бостон шаарында мелассасы бар зор резервуар жарылып, курамында кант бар бул суюктук шаарды каптаган. 21 адам чөгүп өлүп, 150 киши ооруканага түшкөн. Жергиликтүү калк көп убакытка чейин жөтөлдөн жана деми кыстыгуудан жапа чегишкен.
  • 1925-жылы — Кара кыргыз автономиялык облусунун уюшулгандыгы туурасындагы декларация кабыл алынган.
  • 1930-жылыСоветтер союзунда эң биринчи жол чырак Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
  • 1966-жылыКолумбиянын Картахена шаарынын аэропортунан учарда С-54В учагы көтөрүлө албай деңизге кулап түшкөн. Учакта болгон 64 кишинин сегизи гана тирүү калган.
  • 2001-жылы — «Уикипедия» сайты негизделген.
  • 2013-жылыБишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада улуу жазуучунун эстелиги ачылган.
  • 2014-жылы — Теннисчи Серена Уильямс 39 жыл мурун коюлган рекордду кайталаган.
  • 2015-жылыКытайдын Сичан космодромунан Беларустун Belintersat-1 аталышындагы алгачкы телекоммуникациялык спутниги учурулган.