Калькуляция (Латын тили calculatio - санап, эсептеп жатам) - продукция бирдигинин же иштин өз наркын чыгаруу.

Калькуляция - өз нарк боюнча план менен отчёттун негизги бир көрсөткүчү. Мында белгилуу продукция, ошондой эле жумуш бирдигинин чыгымы акчалай белгиленет. Калькуляция пландуу, отчёттуу, нормативдуу жaна долбоордук болуп ажырайт. Калькуляция - үнөмдөө жана сом аркылуу контролдоонун зарыл каражаты. Ал ишканаларда бирдей буюмдун өз наркынын жана рентабелдуулугунун деңгээлин салыштырууга, адистештирууну туура чөчуүгө, өндүрүштүк программаны жайгаштырууга шарт түзөт.

Айыл чарба азык-түлүгүнүн өз наркынын Калькуляция сы анын сатык баасын пландоодо колдонулат. Калькуляция продукциянын түрү жана бирдиги боюнча түзүлөт. Ал негизинен сырьё, материал, отун, энергия чыгымына, баа составына жана транспорттоо-даярдоо сарпына байланыштуу болот. Кызмат акы Калькуляциясы эмгек өндүрүмдүүлүгүнө, өндүрүштөгү жумушчунун кызмат акы деңгээлине карата аныкталат. Калькуляцияга кируучу чыгым эсептөө ыкмасына жараша даана жана кыйыр болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.