Калькутта (2001-жылдан расмий аталышы Колката) — Индиянын чыгышындагы ири шаар жана порт (жылына 10 млн T жүк ташылат). Гангдын бир салаасы (Хуглинин) боюнда, Бенгал булуңунан 150 км аралыкта жайгашкан. Батыш Бенгалия штатынын административдик борбору. Калкы 5,1 млн (2008; Чоң Калькутта агломерациясында 15 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3шаар (Мумбаи, Делиден кийин). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт.

Калькутта.

Шаар 1690-жылы негизделген. Калькутта 1773-жылдан 1911-жылы чейин Индиядагы Британия ээлигинин борбору болгон. Калькутта — Индиянын чыгышындагы финансы, соода өнөр жайынын ири борбору. Шаарда фонд биржасы (соода жүргүзүү боюнча Мумбаиден кийинки), чет өлкөлүк банктардын ири өкүлчүлүктөрү, алдыңкы корпорациялардын штабквартиралары жайгашкан. Өнөр жайынын алдыңкы тармагы машина куруу жана металл иштетүү (автомобилдер, ар түрдүү приборлор, электр-техникалык продукциялар). Жут (дүйнөдөгү жуттун 50% өндүрүлөт), текстиль, химиялык, кагаз өндүрүшүнүн борбору. Ошондой эле кеме куруу жана ремонттоо, фармацевтика, боёочу каражаттар, айнек, азык-түлүк, полиграфия жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. К. — Индиянын ири илимий жана маданий борбору. Эки унт (Калькутта, 1857; Жадавпур, 1955), институттар (анын ичинен Рабиндри Бхарати), жана илимий-изилдөө мекемелери (анын ичинен Ш. Бозе атындагы Фундаменталдык илимдер борбору), музейлер (анын ичинен археологиялык, этнографиялык), Рабиндранат Тагордун үй-музейи, улуттук китепкана (анда учурда 1,5 млн китеп сакталууда), парк жана башка бар. Сепил (Уильям форту), Ыйык Павел христиан, Ыйык Ионн англикан соборлору, Накхода мечити, индус храмы, раджалардын ак сарайлары сакталган. Ботанкалык бак уюштурулуп, обсерватория курулган. Кино индустриясынын ири борбору. Улуттук театр жана эл аралык кино фестивалдары, 1987-жылы Түштүк Азия оюндарынын, 2005-жылдан аялдар арасында теннис турнири жыл сайын өткөрүлүп турат. Туризмдин жана зыярат кылуунун дүйнөлүк маанидеги ири борбору.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү