Кальяо
Кальяо — Перудагы шаар. Кальяо конституциялык провинциясын (өзгөчө административдик бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилкеде жайгашкан. Калкы 390 миң (2008; провинциясында 849,6 миң). Лима Борбордук агломерациясына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэропорту бар. Кальяо — Перунун «деңиз дарбазасы» жана Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода жана балык кармоочу башкы порту.
Шаар 1537-жылы негизделип, 1671-жылы шаар статусун алган. 1746-жылы толугу менен цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жылдан көз каранды эмес Перунун курамында. Реаль-Фелипе (18-кылым) чеби, чиркөөлөр сакталган. Университеттер (анын ичинен католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз институту, китепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. Кальяо—фөлкөнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору менен) ири нефть ажыратуучу заводдору, навигациялык жабдуулар өндүрүшү, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9