Кальяри

италия муниципалитети, Сардиния автономиялуу облусунун жана ушул эле аталыштагы метрополитан шаарынын борбору.

КальяриИталиядагы шаар. Сардиния а-нын башкы экономикалык жана маданий борбору. Сардиния облусунун жана Кальяри районунун административдик борбору. Сардиния аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы менен 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн T жүк ташылат). Аэропорту бар.

Кальяри.

Финикиялыктар тарабынан Биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. Шаардын эски бөлүгү аралдын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жайгашып, орто кылымдын сепилдери, дубалдар жана мунаралар менен курчалган. Амфитеатр (Биздин заманга чейинки 1-кылым — биздин замандын 1-кылымы ; бул жерде жайында опера спектаклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма жана Дамиан (же Ыйык Сатурнин, 5—7-к ылым, Кальяридеги эң байыркы храм) жана Ыйык Эфизио (5-кылым) чиркөөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (13—14-кылым) собору, палаццо жана башка сакталган. Университет, астрологиялык обсерватория, мамлекеттик архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт галереясы, опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электртехника, жыгаччылык, текстиль, тамакаш жана тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү